Кыргызстан абадан коргонуучу Anka учкучсуз аппаратын сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди", - деди Орунбеков.
“ANKA” чалгындоочу жана сокку уруучу учкучсуз учагы Түркияда өндүрүлөт. Согуштук шарттарда сыналган. Максималдуу учуу салмагы 1700 килограмм жана 350 килограммга чейин жүк көтөрө алат. Учак 9 000 метрге чейинки максималдуу бийиктикте 30 саатка чейин учуп жүрө алат. Канаттарынын узундугу 17,5 метр, узундугу 8 метрге жакын.