Орусияда Кыргыз жаранын тоноого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлик берген маалыматка ылайык, 2023-жылы 11-январда саат 02:00 чамасында Москва шаарынын аймагынан төрт белгисиз адам Кыргыз жаранын унаага отургузуп, сабап, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан соң өлтүрөбүз деп коркутушуп, 100 миң рубль берүүнү талап кылышкан.
Бул факты Орусиянын ИИМинин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталган. Ошондой эле Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Адам уурдоо) жана 163-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Кыргыз жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: «Аза большой» каймана аттуу 30 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну Ж.А. (ал эле Э.А.), 30 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну О.уулу Э., 34 жаштагы Лейлек районунун тургуну С.А., Талас районунун тургуну Ж.Н. кармалган.
Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин жана кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо максатында полициянын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну улантууда.
Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргыз жарандары Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү номер аркылуу кайрылса болот: +7 926 890-87-00.