Бүгүн, 9-декабрда энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Франциянын элчиси
Стефан Катт менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз
кызматы билдирди.
Жолугушууда министр
Осмонбек Артыкбаев Стефан Катты элчилик кызматка дайындалуусу менен куттуктады.
Ал эми Стефан Катт Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүнө
токтолуп өттү. “Гидроэнергетиканы жаратылышка зыян алып келбегидей этияттык менен
өнүктүрүү керек. Бул багытта
Францияда экологияга терс таасирин тийгизбей турган энергетикага тиешелүү
жабдыктар бар",- деди элчи.
Осмонбек Артыкбаев Кыргызстан Франция менен кызматташууга дайыма даяр экендигин баса белгиледи.