ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман кайрылып, Жайыл районуна караштуу Суусамыр-Арал унаа жолун Жол тейлөө кызматы карабай жатканына нааразы болгон.
Жогорудагы кайрылуу боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине байланышканыбызда, аталган унаа жолду муздан тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлашты.
"Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунун 167-чакырым бөлүгүндө №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдун бөлүгүндөгү музду тазалоо, жерди түзөө иштери аткарылды. Жол каттам үчүн ачык.
Бул аймакта суук -50 градуска чейин жетет, андыктан түнкүсүн арыктардагы суу жолго чыгып кетет. Күндүз тегизделип, тазалангандын баары түнү кайра муз менен жабылып калууда", - деп билдиришти министрликтен.