Улуттук олимпиада 5 предмет боюнча өтөт. (Графиги)

Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталарын маалымдады.

Ага ылайык, олимпиада математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча 4 этап менен өткөрүлөт:

I этап – январь (онлайн режимде)

II этап – февраль (онлайн режимде)

III этап – март (офлайн режимде)

IV этап – апрель (офлайн режимде)

"Зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү жана даярдоо максатында Улуттук олимпиада өткөрүп келет", - деп жазылат маалыматта.

Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Гапарова Лола
2023-01-20 22:14:00
Как зарегистрироваться?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан