Аэропортто каттамдар жылдырылгандыктан жүргүнчүлөр көпкө күтүп калган учурда аэропорт жетекчилиги аларды акысыз тамак-аш менен камсыз кылышы керек. Мындай пикирди бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
"Акыркы күндөрү учактар 5-6 саатка кармалып кечигип учуп жатканын көрдүңүздөр. Өзгөчө эл аралык маршрут менен кетип жаткандарды сыртка чыгарбайт экен. Ичинде бир пирожкинин баасы 200 сомго чейин чыгат экен. Ошолорду бир карап койбойлубу. Же тамак-аш берилбейт. Ал жакта бала-бакыра, кары-картаң дебей күтүп калышууда. Ичи да суук экенин айтышты", - деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал аэропорттун жетекчилигине мекеменин жылуулугу жана жогорудагыдай учурларда тамак-аш менен камсыздоо боюнча тапшырма берүүнү сунуштады.