Чүй облусунун Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 6 жаштагы кыз каза болгону маалымдалган. Облустук милициядан аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.
Чүй ОИИББи маалымдагандай, 15-январда милицияга ооруканадан маалымат түшкөн. Анда 14-январда Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 2016-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну бронхопневмония, дем алуу кемтиги диагнозу менен түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы, 15-январда саат 10:05те кыз каза болуп калганы айтылган.
Аталган факты Жайыл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 16-январь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси (Жардам көрсөтпөй коюу фактысы) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмыш иши боюнча бардык укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.