Ош. Милициянын ардагерлери митингдер боюнча маалымат жыйын өткөрүштү

Бүгүн, 9-декабрда акыркы күндөрү өтүп жаткан митингдер тууралуу милициянын мурдагы кызматкерлери, Ош, Жалал-Абад облусундагы ардагерлер кеңешинин төрагалары, мүчөлөрү жыйын өткөрүп, өлкө президентине жана элге кайрылышты. Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Керим Тиленов: “Борбордук аянтка болбогон маселелер менен митингге чыгышууда. Митингдин жүрүшүндө милиция кызматкерлерине болгон нааразычылык сөздөр айтылып жатты. Ал тургай өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүн басып алууга аракеттер болду. Бул туура эмес”- деди. 

Ошондой эле: “Убагында ант берип ушул кызматка келгенбиз, милиция кызматкеринде эс алуу деген жок, майрам деген жок, митингдерде сөзсүз тикесинен тик турат”,- дейт Жалал-Абад облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан