Казакстандын Мажилиси Кыргызстан менен болгон чек арадагы абалга тынчсызданды

Казак-кыргыз чек арасындагы өткөрмө бекеттер элдин агымына туруштук бере албай жатат. Бул тууралуу Казакстан парламентинин депутаты Константин Авершин жыйында айтты.

ек аранын казак-кыргыз тилкеси модернизацияланып, керектүү техникалык каражаттар жана инженердик жабдуулар менен камсыздалган. Буга биздин комитеттин мүчөлөрү Кордайда болгон жолугушууда ынанышты. Бирок казак-кыргыз чек арасындагы азыркы өткөрмө бекеттер элдин агымына туруштук бере албайт, өзгөчө жай мезгилинде. Бул тууралуу баарыбыз билебиз. Буга байланыштуу суроо: казак-кыргыз чек арасындагы өткөрмө бекеттердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кандай иштер аткарылды жана азыр кандай кадамдар жасалууда?", – деп сурады Авершин Мажилистин отурумунда.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Ерлан Алдажумановдун айтымында, өткөрүү пункттары 2000-жылдары түзүлүп, күнүнө 1000 кишиге эсептелген.

"Маселе белгилүү. Бул өткөрүү пункттарын баарыбыз жакшы билебиз, алар 2000-жылдары түзүлгөн. Ошондуктан өткөрүү пункттарынын инфраструктурасы учурда эски. Анда жүргүнчүлөрдүн өткөнү – 1 миң адам, жеңил унаалар – 200. Кечээ күнү эле мамлекеттик чек арадан 77 миңден ашык адам жана 20 миңдей жеңил унаа өттү. Башкача айтканда, өткөрүү пункттарынын инфраструктурасы дал келбейт", - деп жооп берди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Defans22
2023-01-18 17:02:00
Блин бир окошканы иштетип, искусственный очередди создавать этип, калган окошкалар иштебей эле туратко,
0
Defans22
2023-01-18 17:04:00
Таможняда коррупция жок деп кечээ бироосу тантып чыкты, эн коррупция нын уюгу таможня,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан