Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, эртең, 19-январда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -14 … -19 , күндүз -3 … -8;
Талас облусунда түнкүсүн -16 … -21, күндүз -3 … -8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -8 … -13, күндүз -3 … 2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8 … -13, күндүз -3 … -2;
Нарында түнкүсүн -25 … -30, күндүз -11 … -1;
Бишкек шаарында түнкүсүн -14 … -16, күндүз -3 … -5 градус болот.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.