2022-жылдын январь-декабрь айларында 74 580 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрь айында 6515 жаран пенсияга чыккан.
"Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2294 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 8080 сомду түзөт.