Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери арасында өткөн "Мыкты баяндамачы" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-январда мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча өткөн иш-чарада “Мыкты баяндамачы-2022” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдагандай, өткөн жылдын 9-декабрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата “Мыкты баяндамачы-2022” республикалык сынагы жарыяланган.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

I орун – Перизат Даткаева, Бишкек шаары, Октябрь району, А.С.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (ноутбук);

II орун – Толкун Бегалиева, Ош облусу, Алай району, К.Султанов атындагы №11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (ноутбук);

III орун – Фарида Айдарбекова, Бишкек шаары, Биринчи май району, №81 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими (уюлдук телефон).

Сынактын максаты - кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан