Оштогу мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири милицияга келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Милицияга келген жаран Актилек Абдували уулу. Ал кылмышка шектелип ага карата издөө жарыяланган. Ал милицияга келип, кылмыш болгон күнү айылда болгондугун билдирген.
"Издөө жарыялангандардын арасында Актилек Абдували уулу дагы болгон. Ал кылмыш болгон учурда айылда болгон экен. Ага карата издөө жарыяланганын айылдаштары билдириптир. Ал милицияга келди. Тергөөнүн жүрүшүндө ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабап жаткан жерде болгон эмес. Муну окуя болгон жерден күбөлөр жана видеотасмалар тастыктады. Ал тил каттын негизинде коё берилди", - деп билдиришти башкармалыктан.
Учурда бул факты боюнча тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.
Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу. ИИМ кармалган жарандар тууралуу маалымат берген.