Оштогу адам өлтүрүү: ИИМ кармалган жарандар тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 16-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында Ош шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон окуя боюнча маалымат берди.

Айтымында, окуя Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө 13-январга караган түнү болгон. Анда белгисиз жарандар Баткен облусунун тургуну А.Н. денесине миздүү курч нерсе менен жаракат келтиришип, ак түстөгү унаа менен изин жашырып кетишкен. Натыйжада Н.А. жаракатынан каза болгон. Маркум мурун сот жообуна тартылган.

Аталган факты боюнча 122-берене "адам өлтүрүү" негизинде кылмыш иши козголгон.

"Шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну, уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары каттоодо турган Кадыр Досонов (ред,: “Женго” деген каймана ат менен таанымал) кармалды. Азыркы кезде ага карата 2 айга камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалып алынды. Ал мурда 10 жолу ар кандай оор жана өтө оор кылмыш иштери менен соттолуп чыккан", - деди ал.

Ошондой эле ИИМдин атайын каттоосунда турган жарандардан:

Коргонбай уулу Эламан - бейбаштык, алдамчылык боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Раимберди уулу Акылбек - мурда бир канча жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Шакир уулу Курсантбек - мурда адам өлтүрүү, опузалап талап кылуу, денеге оор залал келтирүү, тоноо менен кылмыш жообуна тартылган.

Чубаков Нурбек - 1991-жылы туулган. Өзгөн районунун тургуну. Мурда каракчылык, тоноо кылмыштары менен соттолуп чыккан.

Абдивали уулу Актилек - 1992-жылы туулган. Өзгөн районунун тургуну. Мурда каракчылык, мыйзамсыз курал-жарак сактоо, уруулук кылмыштары менен соттолгон.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.

Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу.

14-январда жогоруда аталган кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөрдүн экөөсү Чүй облусунун аймагынан кармалганы кабарланган. Дагы бир шектүү ушул эле күнү Ош облусунун аймагынан колго түшүрүлгөнү кабарланган. 15-январда дагы бир шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан