Ош шаарында жасалган кылмышка шектүү дагы бир жаран Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кармалган жаран 1998-жылы туулган Ош облусунун тургуну Шакир уулу Курсантбек экени белгилүү болду.
Министрликтен өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалашты.
Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.
Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу.
Кечээ, 14-январда жогоруда аталган кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөрдүн экөөсү Чүй облусунун аймагынан кармалганы кабарланган. Дагы бир шектүү ушул эле күнү Ош облусунун аймагынан колго түшүрүлгөнү кабарланган болчу.