Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринде “Акыйкатчы бурчтары” ачылды

Ош мамлекеттик университетинде ректораттын колдоосу менен студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан студенттерди укуктук жактан агартуу, алардын укуктарын коргоо максатында ар бир факультетке “Акыйкатчы бурчу” ачылды.  “Акыйкатчы бурчтарында” студенттердин укук, милдеттери боюнча маалыматтар, көрсөтмөлөр, ишеним телефондору жана укук бузуулардын алдын алуу тууралуу иш-чаралар жарыяланып турмакчы. Айта кетсек, мындай жарыяга буга чейин ОшМУнун студенттик гезитинен орун берилип келген. Бул тууралуу аталган окуу жайдын тарбия департаментинин директору Замир Бөжөнов билдирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан