2023-жылы Түркмөнстандан Кыргызстанга 1,6 миллиард киловатт саат электр энергиясын импорттоо пландалууда. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынан маалымдашты.
Кабарлангандай, 2022-жылы өлкөгө Өзбекстандын жылуулук станцияларында түркмөн газынан өндүрүлгөн 1300,0 миллион киловатт саат электр энергиясы импорттолгон. Ошондой эле Өзбекстан аркылуу транзит менен Түркмөнстандан 813 миллион киловатт саат көлөмүндө электр энергиясын импорттоо ишке ашырылган.
Мындан сырткары, Казакстан менен 2022-жылдын март айынан 2023-жылдын март айына чейинки мезгилде 1050,0 миллион киловатт саат көлөмүндө электр энергиясын берүүгө келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Казакстандын энергетикалык тутумунан 570,2 миллион киловатт саат электр энергиясы импорттолуп, анын ичинен 97,0 миллион киловатт саат электр энергиясы быйылкы жылдын январь айында кабыл алынган.