Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташуу план менен жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кампада запаста турган көмүрдөн тышкары бүгүн, 18-январга карата Бишкек ЖЭБге 35 вагон Кара-Кеченин көмүрү төгүлүп жатат. Ошондой эле Казакстандан алынып келинген 38 вагон көмүр дагы төгүлүүдө.
Ал эми “Аламедин” станциясында 60 вагон Бишкек ЖЭБине киргенге кезекте турат.
Ошондой эле Балыкчы станциясында 20 вагон көмүр, даяр жүктөлгөн дагы 20 вагон бар экени маалым болду.
Министрлик көмүр жетиштүү деңгээлде келгенин билдирет.