Бакиевдин жубайынын сөөгүн алып келген учакка Бишкекке конууга тыюу салындыбы? Президенттин басма сөз катчысы үн катты

Социалдык тармактарда "Минск шаарынан келген учакты Бишкекке кондурбай коюшту" делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Социалдык тармакта “Учак менен Минсктен келе жаткан Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз.
Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда Бишкекке конуп, жакындары кичи мекенине алып кеткен.
Ошону менен бирге жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз", - деп жазды ал.
Буга чейин фейсбуктагы Кайып Шер аттуу колдонуучу Минсктен келген учакка Бишкекке конууга уруксат берилбей, ушундан улам Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн Алматы аэропортунан туугандары алып кетүүгө аргасыз болгонун жазып калтырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан