Рэпер Тата Улан бир көзү көрбөй калганын айтты

Рэпер Тата Уландын революцияда тийген көзүнө операция жасалып, көрбөй калды. Бул тууралуу рэпер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Баарыңарга салам! Качан жаңы ыр чыгат деген суроолор көбөйүп кеткендиктен ушул чечимди туура көрдүм күйөрман. Анан жаткан ырларга деле убал, маданиятка деле менден салым болмок. Өзүм болсо өз тиричилигимди кылып айыл чарба менен эл катары алекмин. Ырга топтолуп калса чыгарам топтолбосо демек чыкпай калат. Табалагандарды дагы түшүнөм көп сарсанаа болбогула менде силер каалагандай баары анча эмес. Революцияда ок тийген көзүмө операция жасалып, эми бир көзүм көрбөй калды. Адам тирүүсүндө элге жакшы из калтырып кетсе жакшы да", - деп жазды ал.

Рэпер 2022-жылы көзүнө операция жасаткан, бирок жыйынтыгы ойдогудай болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2023-01-18 22:55:00
Эх. Кыргыз тили. Грамматика.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан