Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Алдыдагы күндөрү Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоону эскертти.