Төрөбаев өнүктүрүү фонддорун жана мамлекеттик банктарды фармацевтик өндүрүштү активдүү колдоого чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Фарма Нур” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын жетекчилерин бизнес чөйрөнү активдүү колдоого чакырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

“Мамлекет башчыбыз тарабынан кол коюлган ишкерлерди коргоо жана колдоо жөнүндөгү жарлыктар жана мыйзамдар бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөт”, - деди Төрөбаев.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандагы дары-дармек рыногунун 97 пайызы импортту түзөт, өздүк өндүрүш рыноктун 3 пайызын гана камтыйт.

Ишкерлердин билдирүүсүндө, “Фарма Нур” фармацевтикалык компаниясынын учурдагы өндүрүш потенциалы менен 2027-жылга чейин рыноктун 35 пайыз камтый турганын ишкерлер билдирүүдө. Азырынча каржылоонун аздыгынан дарынын 4 түрү чыгарылууда, негизи бул ишкана дарынын 30 түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан