Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргыз өлкөсүнө жардам көрсөтүүнү улантууда

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргыз өлкөсүндө адам ресурстарын өнүктүрүү долбооруна колдоо жана техникалык жардам көрсөтүүнү улантууда. Анын негизинде Бишкектеги №3 кесиптик техникалык лицейдин унаа оңдоочу жайы ремонттолуп жаңы жабдыктар алынган. Аны менен катар мини-футбол үчүн аянтча курулду.

1942-жылы түптөлгөн окуу жайда бүгүнкү күндө болочок программалык инженерлер, машина куруучулар, энергетиктер, темир усталар, ширетүүчүлөр жана полиграфисттер окуп жана практикалык билим алып жатышат.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы Бишкек кеңсесинин демилгеси менен 1993-жылдан бери 1000ден ашуун долбоор ишке ашырган. Алсак, Бишкектеги 72 орундуу заманбап Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын курулуусу аталган агенттиктин социалдык маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат. Кыргыз элине кызмат кылган ооруканада компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография жана рентген аппараттары бар.

2021-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору ачылган. Борбордун имараты оңдолуп, компьютер жана 14 миң китепке ылайыкталган китеп текчелер коюлган.

Ошондой эле “Кыргызфильм” улуттук киностудиясына “Кыргызфильмдин” архивдик тасмаларын санариптештирүү үчүн Blackmagic Cintel Scanner аппараттык комплекси тапшырылган. Аймактарда Түрк кызматташтык жана координация агенттиги 2021-жылы Жалал-Абад Экономика жана ишкердик университетинде болочок ашпозчулар жана кондитерлер үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданияттарын окутуу ашканасы” ачылса, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен мамлекеттик университеттеринде Түрк тилин үйрөтүү борборлору ачылган. Ош облустук клиникалык ооруканасына лапароскопия үчүн акыркы үлгүдөгү жабдуулар берилген жана ошондой эле Баткен облустук жугуштуу оорулар ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан