Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 5,7 пайызга азайган.
"Муктаж үй-бүлөлөрдүн санынын азайышына калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо боюнча активдүү иш-чаралар, биринчи кезекте президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык электр энергиясына болгон тарифтин төмөндөшү себеп болгон.
2022-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул алуучулар үчүн тариф айына 700 киловатт саатка чейин керектөө менен 1 киловатт саат үчүн 50 тыйындан белгиленген", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 339 миң 100 бала "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алат. Бул өлкөдө жашаган 2,4 миллион баланын 13,9 пайызын түзөт.