ТИМ башчысы чет өлкөдөгү жарандар тууралуу маалымат берди

Өткөн жыл тышкы саясий окуяларга бай жыл болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

Муну менен катар чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарына өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Кыргызстан үчүн 2022-жыл маанилүү тышкы саясий окуяларга, конструктивдүү дипломатиялык байланыштарга бай болду. Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен узак мөөнөттүү регионалдык кызматташтыкты алдыга жылдыруу жана бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берди.

Стратегиялык өнөктөштөрүбүз Орусия, Кытай, Азербайжан, Түркия, Венгрия жана Индия менен ар тараптуу кызматташтыктарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани бердик. Жакынкы, Алыскы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк Азия, Американын алдыңкы жана дос өлкөлөрү менен комплекстүү байланыштарды кеңейтүүгө болгон күч-аракеттерибизди жумшадык. Айрым багыттарда көрүнүктүү жетишкендиктер болду деп айта алабыз.

2023-2025-жылдарда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын шайланышы тышкы саясаттагы ири жеңиштеринин бири болгондугун белгилеп кетким келет. Дипломатиялык органдары тарабынан чет өлкөдөгү биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан