Жапаров электр жабдууларын чыгарган "Нур" ишканасынын иши менен таанышты (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында "Нур" ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, "Нур" ачык акционердик коомунун ишиндеги негизги багыт электр приборлорун чыгаруу болуп саналат, ал Орусияда да сатылат.

Компания жаңы технологияларды өздөштүрүп, анын ичинде электромобилдердин тетиктерин чыгарууну көздөп жатканы айтылды.

Министрлер кабинетинин башчысы өнөр жай ишканалары аймактын гана эмес, бүтүндөй республиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздап жаткандыгын белгилеп, ата мекендик ишканаларды колдоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад шаарындагы Футбол академиясы курулуучу жерде болду.

Долбоордун алкагында эки футбол аянтчасы, жатакана, кийим алмаштыруучу жайлары бар трибуна, машыгуу залы курулат.

Акылбек Жапаров мындай долбоорлор ар бир облуста ишке ашырылышы керектигин айтып, спорт менен машыгуу өсүп келе жаткан муундун кулк-мүнөзүн тарбиялап, эркин бекемдеп, ден соолугун чыңдай турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан