"Кумтөрдүн" мурдагы аткаруучу директору кармалды

“Кумтор Голд Компани” ЖАКсынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Мекемеден билдиришкендей, ал 14-январда "Манас" аэропортунан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жеринен кармалып, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына алып келинген. Курманов соттун чечиминин негизинде Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан Курмановго издөө жарыяланган болчу.

Маалымат үчүн: 2022-жылы Башкы прокуратура "Кумтөр" ишканасын текшере баштаган. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгон. 13-сентябрда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кармалган. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан