Ырчы Бегимай Бекбоеванын сөөгү Кочкордо жерге берилди

Бүгүн, 19-январда ырчы Бегимай Бекбоеванын сөөгү кичи мекени Кочкор районунун Ак-Жар айылында жерге берилди. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну билдирди.

Маркум ырчы 17-январга караган түнү оорудан улам каза болгон.

Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында туулган. Атасы Токторбек Бекбоев - обончу, аткаруучу. Апасы Жаңыл Кудайбергенова - актриса, куудул. Алгач сахнага 5-классында Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан.

Репертуарында "Жаш жигит", "Кантем ай?", "Элесиң" жана башка ырлары бар.

Акыркы жылдары ден соолугуна байланыштуу сахнадан алыстап кеткен Бегимай Бекбоева 2019-жылдын жазында башынан шишик алдырганын айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан