Бишкекте эртең, 10-декабрда Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүүгө байланыштуу мыйзамдарды өзгөртүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу уюштуруу тобунун өкүлдөрү, бүгүн 9-декабрда
кабарлады.
Маалыматка
караганда, бул талкуу “Алтын ажыдаар”
мейманканасында саат 09:30да башталат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Маданият, маалымат жана туризм менен КРнын Транспорт жана коммуникация
министрликтеринин өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын жана телерадиокомпаниялардын кызматкерлери катышат.
Жолугушууда КРнын “Лицензиялык уруксат берүү системи жөнүндө”, “Электр жана
почта байланыштары жөнүндө”, “Телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар жөнүндө”
мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу талкуу болот.