Бишкектен Казань шаарына каттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө

Ушул жылдын 20-январынан тарта "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Манас" аэропортунан Татарстандын борборуна учуулар жумасына 1 жолу –жума күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул багыт "Уральские авиалинии" орусиялык авиакомпаниясы үчүн жаңы болуп саналат.

Учурда Бишкектен Казань шаарына Avia Trafic Company жана "Северный ветер" авиакомпаниялары жумасына 3 каттам аткарып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан