Арменияда аскердик бөлүктө чыккан өрттөн 15 адам каза болду

Армениядагы аскер бөлүктөрүнүн биринин инженердик ротасынан чыккан өрттүн кесепетинен 15 аскер кызматкери каза болуп, дагы үчөөнүн абалы оор. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:30дар чамасында Гегаркуник районундагы Азат айылынын аймагында жайгашкан аскер бөлүгүндө чыккан. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн 15 адам каза болду жана дагы үч адамдын абалы өтө оор.

Каза болгон кызматкерлердин баары аскер адамдары болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан