Анда жазылган маалыматка ылайык, электр энергиясы күн сайын кээ бир жерлерде 1 саатка, кээ биринде 2 саат убакытка өчүрүлүп турат.
16-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев суук күндөрү энергетика тармагында ири авария катталбагандыгын жана жарыкты атайылап өчүрүү болбогондугун билдирген. Ошондой эле электр энергиясын кыска убакытка өчүрүлүшүн жөнгө салуучу чара экенин айткан.