Бишкекте жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга көзөмөл күчөтүлөт

Бишкек шаарынын аймагында жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Билдирмеге ылайык, өлкө аймагында каттоосу жок унаалардын айдоочулары тарабынан жол эрежелерин одоно бузуп «Коопсуз шаар» камераларында айыптары көп катталган унаалар текшерүүгө алынат.

"Өлкө аймагында каттоосу жок унаалар тарабынан «Коопсуз шаар» камераларында катталган айыптар юридикалык даректери болбогондуктан Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин 508-беренесине ылайык убактылуу токтотулган учурда унаа каражаты айып аянтчасына токтотулуп, айып токтомдору ыйгарылат", - деп айтылат маалыматта.

Өлкө аймагында каттоосу жок унаа каражаттарына катталган айыптарды алдын ала тактоо үчүн Бишкек шаарынын М.Горкий №20 дареги боюнча мониторинг борборунда же 100 жана 0312 530376, 530389 телефон номерлерине байланышып тактап алууга болот.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан