Бишкектеги Ала-Арча дарыясында 6 күндөн бери муз тыгыны болуп жатат (фото)

"Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Ала-Арча дарыясындагы муз тыгынын дагы эле алып жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, муз тыгыны 2023-жылдын 13-январында пайда болгон.

Бул тыгындар өз убагында жоюлбаса, дамбалар аркылуу дарыядан суу ташкындап, Ала-Арча дарыясынын жээгин каптайт.

Учурда "Бишкексуучарба" МИнын жумушчулары ӨКМ менен биргеликте тоңгон муздары жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Бул багытта иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан