Токаев Казакстандын парламентин жана өлкөдөгү бардык депутаттарды таркатты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Казакстан Республикасынын жетинчи чакырылыштагы парламентинин мажилисин таркатуу жана Казакстан Республикасынын парламентинин мажилисинин депутаттарын кезексиз шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Токаев жетинчи чакырылыштагы мажилисти таркатуу жана Казакстан парламентинин мажилисинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2023-жылдын 19-мартына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясына мажилистин депутаттарын кезексиз шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Өкмөт, Астана, Алматы, Шымкент шаарларынын жана облустардын акимдери Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу, материалдык-техникалык жана каржылык жактан камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды тез арада көрүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан