Алмазбек Атамбаев Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирип, ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйынынын ишине катышууга барган делегацияны жетектеген Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаковдун эмгегин баса белгиледи. Өлкө башчы бул окуянын Кыргызстан эли үчүн мааниси зор экендигин айтты. Президент “Манас” үчилтигинин ЮНЕСКОнун тизмесине кириши дүйнөлүк коомчулук кыргыз эпосунун дүйнөлүк маданияттагы маанисин тааныгандыгынын ачык далили экендигин билдирди. Эскерте кетсек, "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан каттоо чечими 4-декабрда Бакуда кабыл алынды.