"Жарылуучу зат изделүүдө". Бишкекте №33 мектептин окуучулары эвакуацияланды

Бишкекте №33 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Андагы сүрөттөр жана видеолор социалдык тармактарга жарыяланды.

Мугалимдер эртең мененки саат 10:00 чамасында окуучулардын ата-энелерине балдарын мектептен алып кетүүнү айтышкан.

Маалым болгондой, учурда окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, көчөнү курчоого патрулдук милициянын инспекторлору тартылып жатат.

Аталган мектепте жарылуучу зат бар деген маалыматтан улам эвакуация иштери жүргөнүн Кайгуул милициянын басма сөз кызматы билдиришти.

Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан