Жапаров: "2023-жылы республикалык бюджет 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди"

2023-жылы республикалык бюджет 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Маалымдалгандай, координацияланган финансылык, фискалдык жана акча-кредиттик саясаттын, жаңы ишканаларды ишке киргизүүнүн натыйжасында ИДПнын номиналдык көлөмү - 919,4 миллиард сомду, же өсүш 107 пайызды түздү. Бул өз кезегинде кошуна жана Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө салыштырмалуу туруктуу жана алдыңкы көрсөткүч болуп саналат.

Жапаров белгилегендей, консолидацияланган бюджеттин номиналдык өсүшү 190,6 миллиард сомду, же 177 пайызды түздү, ошол эле учурда салыктык кирешелер 229 миллиард сомго, же 100,5 пайызга өстү.

"Эки жылда өсүү темпи 214 пайызды, же номиналдык жактан салыктык кирешелер 2 эсеге көбөйдү. Тартыштык 13,5 миллиард сомду түздү. Айлык, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп, курулуштарга, айыл чарбасына, өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыздоого, мамлекеттик карызды тейлөөгө олуттуу каражаттарды жумшаганыбызга карабастан, жылдын аягында 16,2 миллиард сом каражатыбыз калды, анын ичинде бюджеттик каражаттар 9,9 миллиард сомду түзөт", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан