Майлуу-Сууда суу түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн 11 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, калкты таза суу жана суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Эритүүгө мүмкүн болбогон 2 чакырым аралыкка 11 техника тартылып, суу түтүктөрүн орнотуу үчүн казуу иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, шаарды жылуулук менен камсыздоо үчүн №1 жана №4 от казандар ишке киргизилип, учурда №3 от казанга Майлуу-Суу сайынан альтернативдик жол менен суу тартылып, калкты 100 пайыз жылуулук менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.