Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары жаңы кызматка дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Жаркынбек Касымбеков Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси - коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту болуп өзгөрүп, өткөн жылдын декабрь айында "улуттук" статусу ыйгарылган.

Жаркынбек Касымбеков 49 жашта. Ал 1996-жылы Медицина академиясын аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан