Депутаттардын демилгеси менен Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди

Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына көчүрүлгөн 7 памирлик үй-бүлөгө кечээ, 19-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

"Өткөн жылдын 20-22-ноябрь күндөрү аталган комитет Дароот-Коргон айылында жашап жаткан памирликтерден кабар алып, муктаждыктарын угуп кайтышкан. Жардамды Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова тапшырып, жалпы 21 кишиден турган жети түтүнгө эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар Ош шаарындагы “Элим” клиникасынан эки тиш дарыгери келип, жарандарды кароодон өткөрүштү.

"Эл өкүлдөрүнүн кайрылуусунун натыйжасында Эл аралык миграция уюмунун башчысы Бермет Молдобаева жана “Мерси Ко” эл аралык уюму колдоо кѳрсѳттү. Минтип гуманитардык жардам катары үй тиричилигине зарыл болгон буюмдарды алып келдик. Андан тышкары, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери да кийим-кече чогултуп беришти", - деди Бараканова.

Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Бекназар Бакыбековдун айтымында, памирликтердин келгенине 7 ай болду. Жергиликтүү бийлик аларды банктын мурунку имаратына жайгаштырып, бардык шартын түзүп бергени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан