2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.
"Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын "РСК банкынын" иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек", - деп айтылат маалыматта.
Эгерде көрсөтүлгөн каражатты төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.
Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.
Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
Толук маалымат алуу үчүн: 0778 48 61 67, 0558/0708 48-61-67, тел/факс: 0312 48-61-67, электрондук дарек: muftiyat.hajj@mail.ru