Өлкө аймагында 355 миң куб метр кар көчкү атып түшүрүлдү

Өлкө аймагында 354 миң 900 куб метр кар көчкүсү мажбурлап атып түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен артиллериялык күжүрмөн эсепти колдонуп, кар көчкү коркунучу жаралган аймактарда мажбурлап атып түшүрүү жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, 13-19-январда Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135, 198-255-чакырымдарында жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында жол коопсуздугун камсыздоо жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн жалпысынан көлөмү 354 900 куб метр кар күрткүсү мажбурлап атып түшүрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан