ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитети Эсептөө палатасынын отчётун жабык эшик артында карап жатат
Жогорку Кеңештин Коргоо жана
коопсуздук комитети бүгүн, 9-декабрда Эсептөө палатасынын 2012-жылга отчётун
жабык эшик артында кароодо. Сунушту депутат Ирина Карамушкина айтып, башка
депутаттар колдошту. Эскерте кетсек, Эсептөө палатасынын отчёту комитеттин
өткөн аптадагы жыйынында каралмак. Бирок депутат Исмаил Исаков “жалпылабай биздин
комитетке гана тиешелүү маселе боюнча маалымат бериңиз” деп аталган мекеменин төрайымы Элмира Ибраимовага кайрылган.
Ибраимова буга даяр эмес экенин билдирип, бир апта убакыт сураган болчу.