Майлуу-Суудагы кырдаал: Шаар тургундарынын 68 пайызы жылуулук менен камсыздалды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү таза суу жана турмуш-тиричиликке колдонуу үчүн 48 тонна суу жеке менчик унаанын жардамында шаар тургундарына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенген адистер чакыртылып, катуу сууктан авариялык абалга келген көп кабаттуу турак жайлардагы жылытуучу түтүкчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери башталды.
Ал эми буга чейин №1, №4 от казандар ишке киргизилип, бүгүн №3 от казанга альтернативдүү жол катары жаңы түтүктөр орнотулуп, моторлор коюлууда. Жалпысынан шаар тургундарынын 68 пайызы жылуулук менен камсыздалды.
Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон 2 чакырым аралык жеринде жаңы суу түтүгүн орнотуу максатында 11 техника тартылып, казуу иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан