Чүйдөгү “Орловка” лыжа базасында электр жарыгы өчүп калгандыктан адамдар асма жолдо калып калышты. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Окуя кечээ, 20-январь күнү кечинде болгон. Асма жолдо калып калгандар лыжа базада иштеген адамдар болгон. Алар генератор кошулгандан кийин гана жерге түшүшкөн.