Башынан оор жаракат алган Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Самат Курманкулов дарылануу үчүн Москвага кетти. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"21-январда генерал-майор Самат Курманкуловду Москва шаарына Калыбына келтирүү борборуна дарыланганы узатып келдим. Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, батыраак сакайып кетсин.
Ал эми колдоо көрсөткөн тышкы иштер министри Жээнбек Молдокановичке, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Самат айымга жана "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Манас Самудиновичке ыраазычылык билдирем!", - деп жазды Токторбаев.
Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны
Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.