Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялаган аялдар аба ырайы суук болуп ооруп калганына байланыштуу кармаган "орозолорун" ачышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда митингди уюштуруу тобунун мүчөсү Сапаргүл Бердалиева билдирди. "Ошондой эле бүгүн Келдибековду коргоо комитетинин штабына акыйкатчы Бакыт Аманбаев келип кетти. Үнүңөрдү бийликке жеткирем деп айтты, эми жыйынтыгын күтүп жатабыз",- дейт Бердалиева.
Эскерте кетсек, 20-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутат коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталып жатат.