Президенттин маалымат катчысы АКШ сенаторлорунун кайрылуусуна жооп берди

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун "Азаттык Медиа" тууралуу кайрылуусуна жооп берди.

"Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору "Азаттык медиа" айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет.

"Азаттык медианын" ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет. Бул чечимди кабыл алганга чейин министрлик "Азаттык медиа" редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган.

Башкача айтканда, бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон. Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө. Дагы бир жолу кайталайм, бардыгы үчүн жалгыз талап иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо", - деп жазды Султанбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган, кийин аталган чечим дагы узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан