Каржы министрлиги былтыр айлык акы 200 пайызга чейин жогорулаганын билдирди

2022-жылы өлкөдө айлык 200 пайызга чейин жогорулады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жалпысынан эмгек акыларды жогорулатууда кошумча жылдык керектөө 32 миллиард 200 миллион сомду түзгөн.

Эмгек акынын орточо өсүшү:
- билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин;
- медициналык кызматкерлерине 150% чейин;
- маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% чейин;
- социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин;
- мамлекеттик жарандык кызматчыларга 181% чейин;
- муниципалдык кызматчыларга 177% чейин;
- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчыларга 172% чейин;
- техникалык тейлөөчү персоналдарга 160% чейин;
- кенже тейлөөчү персоналдарга 150% чейин;
- бош жалданган жана жарандык персоналдарга 169% чейин.
Эске салсак, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун эсебинен 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Neizvestno777
2023-01-23 13:30:00
Бирок продукта 300 пайызга кымбаттады да,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан